Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:55

Жыныстык билим берүү боюнча бийликке кайрылуу жолдонду


Өспүрүмдөрдүн сексуалдык тарбия алуусуна багытталган китепчелер турмуштук зарылдык экени тууралуу Репродуктивдүү ден соолук боюнча альянстын кызматкерлери бийликке кайрылуу жолдоду.

Ал президентке, Жогорку Кеңештин спикерине жана өкмөткө жиберилгенин альянстын программалык координатору Жамила Мадалбекова "Азаттыкка" билдирди. Уюм өкүлдөрү сексуалдык билим берүү боюнча китепчелер өспүрүмдөр үчүн маанилүү экенин, миграция күчөп турган учурда балдарга туура тарбия берүүдө аны пайдалануу майнаптуу болорун айтышат.

Сентябрдын этегинде Репродуктивдүү ден соолук боюнча альянс өспүрүмдөр үчүн жыныстык билим берүүчү китепчени сунуштап, ал коомчулукта нааразылык жараткан. Айрым депутаттар да буга сын айтып, Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети жыныстык мамиледеги маданият тууралуу китепчелерин таркатуу фактысын текшерүүнү Башкы прокуратурага тапшырган. Прокуратура бул боюнча текшерүү жүрүп жатканын билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG