Нааразылык акциясына 300дөй адам катышканын уюштуруучулар билдирди. Алар Ысык-Көлдөгү башаламандык үчүн айыпталып камалган кишилердин баш коргоо чарасын өзгөртүү талабын коюшту.
Саруу айыл өкмөтүнүн башчысы Талчын Мендибаев “Азаттыкка” билдиргендей, бүгүнкү акция тынч өттү жана эч кандай саясий максатты көздөгөн жок.
7-октябрда Каракол шаарында кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясынын Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандумуна каршы уюштурулган митинг башаламандык менен аяктаган. Ал боюнча 23 адам кармалып, ону УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган.
Эртеси Караколдогу башаламандык учурундагы камалгандарды бошотуу жана Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандумду жокко чыгаруу талабы менен Саруу айылында митинг болгон. (SE)