Amnesty International кору ушул аптада Москванын Бирюлево районундагы тополоңдон кийин эмгек мигранттарын жапырт камакка алган полициянын чечимин айыптаган билдирүү таратты. 1200дөн ашуун мигранттын камалышын уюм “Орусиядагы дискриминациялык саясаттын акыркы мисалы” деп атады.
Чет өлкөлүк мигранттарды камоо ал жерде орус улутундагы жигиттин өлүмүнөн кийин болгон. Егор Щербаковду азербайжандык Орхан Зейналов деген жаран өлтүргөн болушу мүмкүн деп, 15-октябрда полиция аны камакка алды.