Орусиянын Тергөө комитетинин кабарына караганда, 51 жаштагы өзбек жаранынын жасаты кечээ табылган. Анын денесине бир канча жолу бычак сайылганы айтылууда.
Москванын Бирюлево районунда абал өткөн жекшембиде улутчул маанайдагы жаштар жер-жемиш базасына чабуул койгондо кескин курчуп кеткен. Мигранттарга каршы болгон жаштардын тобу бул райондо орус улутундагы жарандын өлтүрүлүшүн чет өлкөлүктөрдөн көрүп, массалык тополоң уюштуруп, полиция менен кагылышкан.
Егор Щербаковду азербайжандык Орхан Зейналов деген жаран өлтүргөн болушу мүмкүн деп, шейшембиде полиция аны камакка алды. Бирок мунун алдынан полиция мигранттарга каршы рейд өткөрүп, 1200дөн ашуун кишини камаган. “Эл аралык мунапыс” кору мигранттардын массалык камалышы: “Орусиядагы дискриминациялык саясаттын акыркы мисалы” деп, бийликтердин бул кадамын айыптады.