Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

Иран Батыш менен жакынкы апталарда сүйлөшүүлөрдү улантат


Ирандын тышкы иштер министри анын өлкөсү ядролук программа боюнча жакынкы апталарда Женевада кайрадан алты дүйнөлүк лидер өлкө менен сүйлөшүүнү улантаарын билдирди. Министр Жавад Зарифтин бүгүн “Фэйсбуктагы” билдирүүсү эки күндөн бери Женевада өткөн сүйлөшүүлөрдө алга жылуу бар экенин айгинелеген акыркы окуя.

Расмий Тегеран кечээтен бери АКШ, Орусия, Франция, Британия, Кытай жана Германиянын өкүлдөрү менен өзүнүн талаштуу ядролук программасы боюнча сүйлөшүп жаткан. Кечээ Иран “олуттуу сунуш киргизгенин” кабарлады. Батыш азыр Тегеран атомдук курал жасап жатат деп чочулайт. Иран болсо андай максаты жок экенин кайталап келүүдө.

XS
SM
MD
LG