Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:37

Бош орундарга жармаңке өтөт


Бишкекте өтчү жармаңкени Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги уюштурууда. Жармаңкеге жашы 50дөн өткөн адамдар катыша алат. Анда “Бишкеклифт”, “Кыргызмебел”, “Зеленстрой” сыяктуу 19 мекеме-ишкана 200 ашык жумуш орун үчүн сынак жарыялады. Мындан сырткары шаардагы 400дөн ашык ишкана кызматташуу кызыкдарлыгын билдирген. Бул орундарга кызыккан адамдар өз анкеталарын калтырып, жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн сынамакчы. Жармаңке алкагында каалоочулар шаардагы кесиптик билим берүүчү мекемелер туурасында да маалымат алышат.(BkA)

XS
SM
MD
LG