Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:36

Апрель окуясы боюнча сот убактылуу токтоду


Апрель окуясы боюнча сот белгисиз мөөнөткө жылдырылганын “Азаттыкка” жабырлануучулардын адвокаты Осунбек Жамансариев билдирди. Анын айтуусунда, буга ишти карап жаткан Аскер гарнизондук сотунун судьясы Дамир Оңолбековдун ооруп калганы себеп болгон. Жамансариев соттук териштирүү аяктап калганын, жараян үзгүлүтүккө учурабаса, жакынкы аралыкта аягына чыгышы мүмкүн экенин кошумчалады.

2010-жылы 7-апрелде куралсыз элге ок атууга буйрук берген жана аны аткарган деген айып мурунку президент Курманбек Бакиев баш болгон 21 кишиге тагылган. Анын ичинен мурдагы президент Бакиев баш болгон жети айыпталуучу Кыргызстанда болбогондуктан, сырттан соттолууда.

Апрель окуясы боюнча соттук иш 2010-жылдын 17-ноябрынан бери уланып келет. (BkA)

XS
SM
MD
LG