Президент Алмазбек Атамбаев эки күндүк иш сапар менен Нарын облусуна барды. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, Атамбаев 17-18-октябрда Көкөмерен дарыясындагы көпүрөнүн, Ак-Талаа районундагы асфальт-бетон чыгаруучу заводдун жана “Кыжырту” каналынын ачылыш аземине катышат. Бул күндөрү президент Нарын районунда курулуп бүткөн жумушчулардын шаарчасына барат жана Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруучуларга түзүлгөн шарттар менен таанышат. (КЕ)