Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:20

Москвада кармалган төрт кыргызстандык чыгарылат


Москванын Бирюлево районундагы окуядан кийин кармалган төрт кыргызстандык Орусиядан чыгарылмай болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” бүгүн Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.

Бирюлевадогу окуядан кийин жалпысанан 14 кыргызстандык кармалган. Алардын тогузу документтери жайында болгондуктан, бирөө соттун чечими менен бошотулган. Кулукееванын айтымында, калган төрт кыргызстандык Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузду деген негизде өлкөдөн чыгарылмай болду. Учурда алар миграциялык мыйзамды бузган чет өлкөлүктөрдүн убактылуу кармоочу жайында кармалууда.

Орусияда мигранттарды тыкыр текшерүү Бирюлеводо жергиликтүү тургунду белгисиз бирөөлөр өлтүрүп кеткенден кийин улутчул жаштар менен жергиликтүүлөрдүн митингинен кийин башталган.(КЕ)

XS
SM
MD
LG