Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:23

Тигүү жана текстиль өндүрүшү кыскарды


Тогуз айда тигүү жана текстиль өндүрүшү 1 млрд. сомго кыскарганын бүгүн бул тармакты өнүктүрүү маселелерине арналган тегерек үстөлдө айтылды. Экономика министрлиги кыскаруу себептерин бажы төлөмдөрдүн 2-3 эсеге көбөйүшүнө байланыштырууда. Маалыматка ылайык, мурда бажы төлөмдөр килограммына 0,15 доллар болсо азыр 0,35 долларга көтөрүлгөн.

Бүгүнкү талкууга тиешелүү министрлик эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана тигүүчүлөр катышты. Германия эл аралык кызматташтык коому уюштуруп жаткан бул талкууда тигүүчүлүк тармагын өнүктүрүү боюнча программанын жүрүшү талданды. Бул программа быйыл жыл башында кабыл алынган. Ага ылайык, тигүүчүлүк тармагын колдоого алып, көмүскөдөн чыгаруу жана ирилештирүү каралган.

Кыргызстанда жеңил өнөр-жайдын негизги өзөгүн тигүү тармагындагы ишканалар түзөт. Улуттук статистикалык комитеттин эсебине караганда, былтыр тигүүчүлөр 9 миллиард сомдон ашык товар өндүрүп, анын 80 пайыздан ашыгын сыртка экспорттогон. Аталган тармакта 180 миңден ашык адам эмгектенет.(КЕ/BkA)

XS
SM
MD
LG