Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:32

Хайыров Казакстан-Кыргызстан чек арасын бузганын танбады


Алматыда 11 адамды өлтүргөн деп айыпталып жаткан Саян Хайыров кандуу алааматка тиешем жок, акмын деди. Бирок, ал бүгүн башталган сотто 2012-жылы августта казак-кыргыз чек арасынан мыйзамсыз өткөнүн мойнуна алды. 2012-жылы августта Алматыга чукул жердеги Иле-Алатау улуттук коругунун ткоойчусу жана үй-бүлө мүчөлөрү болуп, 11 адам өлтүрүлгөн. Бийлик кийин коопсуздук күчтөрү тарабынан жок кылынган ислам террорчулары деп шектелген бир нече адамдын коруктагы кыргынга тиешеси бар болушу мүмкүн экенин билдирген. Хайыров кармалгандан кийин ошол шектүү топтун мүчөсү деп айыпталган. Топтун башка мүчөсү Заурбек Ботобаев азыр качып жүрөт.

XS
SM
MD
LG