Бул тууралуу баш кеңсеси Австралияда жайгашкан Walk Free деп аталган адам укугун коргоочу уюмдун жаңы жарыяланган докладында айтылат. 162 өлкөдө жүргүзүлгөн иликтөөгө караганда, адамдар көбүнесе сексуалдык кызмат көрсөткөнгө, кара жумуш аткарганга мажбурланып, карызын төлөй албай кулчулукка кабылган учурлар арбын.
Кулчулук кылгандардын дээрлик жарымы Индияга туура келет. Кытайда 2,9 миллион, Пакистанда 2,1 миллион, Орусияда жарым миллиондон ашык кул болуп жашагандар бар.
Global Slavery Index изилдөөсүнүн автору, профессор Кевин Белестин “Азаттыкка” айтышынча: "Адамдар аткезчилик жолдор менен Орусиядан бөтөн өлкөлөргө жана сырт өлкөлөрдөн Орусияга ташылганын билебиз. Маселенин чоңу Молдова, Өзбекстан жана Казакстан сыяктуу өлкөлөрдөн эркек таналардын Орусияга курулуш жана айыл чарба иштерине мыйзамсыз ташылганы."
Калкы 4 миллионго жетпеген Молдовада 33 миң адам кулчулукка кабылган. Молдовалыктар Украина, Орусия, Германия, АКШ, Беларуста жана башка өлкөлөрдө сексуалдык тейлөө, курулуш, айыл чарба иштеринде жана үй жумуштарында эмгектенет деп айытылат докладда.