Москванын соту Егор Щербаковду өлтүрдү деп шектелген Орхан Зейналов 10-декабрга чейин тергөө абагында кармалсын деп чечти. Азербайжандык Зейналов бүгүнкү сотто Щербаковго өзүмдү коргоо максатында бычак шилтегенмин деген мурдагы сөзүнөн баш тартты.
25 жаштагы Щербаковдун 10-октябрдагы өлүмүнөн кийин Москванын Бирюлево районунда орус улутчуларды баштаган анти-мигранттык тополоң чыккан. Зейналовдун адвокаты Виктор Аникушин айыпталуучуну абакта кармоого каршы сотко кайрыларын билдирди.
Азербайжандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Элман Абдуллаев Бакуда сүйлөп, Зейналовду кармоо учурунда полиция ага кылмышкердей мамиле жасап жана орус маалымат каражаттары сот болбой жатып, Зейналовду кылмышкер деп атап, анын укугун орой бузганына көңүл бурду. Москвадагы Азербайжан элчилиги Зейналовго консулдук жардам көрсөтүүгө уруксат сурап, Орусиянын тышкы иштер министрлигине кат жолдогону да маалымдалды.