Жардыруулар бейшембиде Багдаттын шииттер көбүрөөк жашаган аймактарында орун алды.
Associated Press агенттигинин маалымдашынча, анда бомба катылган 9 автоунаа жарылган. Андан 40тан ашык адам мерт кетти. Дагы бир жардыруу түндүктөгү Мосул шаарынын шииттер жашаган районунда болуп, кеминде 15 кишинин өмүрү кыйылды. Коопсуздук күчтөрү Иракта быйыл мындай жардыруу, зордук-зобундар күчөгөнүн билдирүүдө. Байкоочулар быйыл эң кандуу делген 2006-2007-жылдардагы абал кайталанчудай деп кооптонуп жатышат. Быйыл жыл башынан бери эле мындай жардыруулардан өлкөдө 5 миңден ашуун киши ажал тапты.