Ош шаарында чек араны кайтарууну, коргоону жакшыртуу жана аларды уюштурууда жетекчилердин кесипкөйлүгүн арттыруу боюнча жыйын өтүп жатат. Бул тууралуу чек ара кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.
Жетекчи кызматтагылар үчүн куралдуу чабуул учурунда чара көрүү боюнча машыгуулар өтөт. Жыйынтыгында чек арачылар ок атуу, спорттук даярдык жана башка аскердик талаптар боюнча сынак тапшырат. Иш-чара 20-октябрга чейин созулуп, ага чек ара кызматынын бардык жетекчилик бөлүмдөрү, башкармалары катышып жатат. (AKu)