Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Казакстандын өкмөт башчысы келет


Ноябрь айында Казакстандын премьер-министри Серик Ахметов Кыргызстанга иш сапары менен келет. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов билдирди. Маалыматка ылайык, Ахметов кыргыз тарап менен сүт өндүрүшү, чек ара жана соода тармагын талкууламакчы.

Буга чейин “Санитардык абалга жооп бербейт” деген жүйөө менен Казакстан Кыргызстандын сүт азыктарын алуудан баш тарткан. Кийин эки гана компанияга сүт азыктарын Казакстанга экспорттоого уруксат берилген. Ал эми 1241 чакырымды түзгөн кыргыз-казак чек арасы делимитацияланып бүткөн. Деморкация маселеси чечиле элек. (AKu/MTo)

XS
SM
MD
LG