Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:50

Жалал-Абад: бюджетке 3,6 млн. сом зыян келген

Жалал-Абаддын аймактар аралык казначейлик бөлүмүнүн жана олимпиадалык резервдин атайын мектебинин кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Башкы прокуратуранын билдиришинче, казначейлик бөлүмү менен мектептин кызматкерлери биригип, 2011-жылы казначейлик бөлүмдүн бухгалтердик документтерин жалган маалымат менен толтурган, 25 мыйзамсыз банктык чекти беришкен жана башка финансылык кылмыштарга барган. Жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 3,6 миллион сом зыян келтиришкен. Бул боюнча Жалал-Абад облустук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 3-беренесине ылайык кылмыш ишин козгоду.

Окуу жай - белгилүү спорт чебери Ратбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдин өспүрүмдөр үчүн атайын мектеби. (AKu)
​
XS
SM
MD
LG