Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:29

Чек ара маселесин өкмөт деңгээлине көтөрүү сунушталууда


Көптөн бери чечилбеген кыргыз-өзбек маселесин премьер-министрлердин деңгээлинде чечүүнү Кыргызстан сунуштап жатканын тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов билдирди.

Ал министрликтин акыркы тогуз айдагы иши тууралуу маалымат берип жатып Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилелерине баа бере албасын кошумчалады.

-Жакында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде эки өлкөнүн президенттери Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда чечилбей жаткан маселелерди талкуулады. Кызматташуунун өз деңгээлинде болбой жатканы тууралуу сөз болду,- деди Бешимов.

Бешимовдун айтымында, эки жарым жыл ичинде өкмөттөр аралык комиссия чек араны тактоо боюнча жылышка жетишкен эмес. Өзбекстан менен тактала элек 300 чакырымдан ашуун чек ара тилкеси бар. Маселени чечүү аракети ушул жылдын апрелинен тарта вице-премьер-министрлердин деңгээлине көтөрүлдү. (MTo/AKu)

XS
SM
MD
LG