Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Орусиядан 19 кыргызстандык жаран чыгарылат


Эки күн мурда жүргүзүлгөн рейд учурунда Москвада дагы 100 киши кармалды. Алардын 84ү Кыргызстандын жарандары. Документтерди текшерүүдөн кийин алардын 65и коё берилип, 19 кыргызстандык жаранды Орусиянын аймагынан чыгаруу чечими чыккан. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.

19 жаран Орусияга кирүү эрежелерин бузган үчүн административдик жазага тартылууда. Соттун чечимине ылайык, алар 10 күн ичинде чыгып кетпесе, депортацияланат.

Москвада Бирюлево чуусунан кийин мигранттарды катаал текшерүү жүрүп жатат. (AKu/BuS)

XS
SM
MD
LG