Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:39

Бажы биримдигине кирүү шарттары Минскте талкууланат


Октябрдын аягында Минскте Бирдиктүү экономикалык аймактын мүчөлөрүнүн жыйыны өтөт. Анда Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү шарттары каралат. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов билдирди.

Учурда Бажы биримдигине кирүү боюнча жол картасы камдалып жатат. Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев жана мамлекеттик башка жетекчилер биримдиктин мүчө өлкөлөрүнө Кыргызстан өзү үчүн ыңгайлуу шарттарды сунуштарын, биримдик өлкө үчүн пайда алып келгидей шартта кирерин билдиришкен.

Бажы биримдигине Орусия, Казакстан жана Беларус мүчө. (AKu/MTo)

XS
SM
MD
LG