Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

УКМК митингге чыккандарды сабаганын төгүндөдү


Караколдогу митинг учурунда кармалгандарды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери сабаганы чындыкка төп келбейт. Бул тууралуу бүгүн аталган комитеттин маалымат кызматы маалымат таратты. Анда Саруу айылынын тургундары айтып жаткан жердештерин сабоо, аларга каршы күч колдонуу тууралуу кабар негизсиз экени жазылган.

“Кечээ Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков да тергөө абагына кирди, камактагылар эл өкүлүнө УКМК кызматкерлеринин мыйзамсыз мамилеси тууралуу даттанышкан жок”, - деп жазылган билдирүүдө. УКМК 9-октябрда акыйкатчы Бактыбек Аманбаев камалгандар менен жолугуп чыкканын, аларды кармоо шарты мыйзамга ылайык экенине күбө болгонун кошумчалаган.

Комитет аларды кармоо учурунда 8 адам денесинен ар кандай жаракат алганын мойнуна алды.

7-октябрда Караколдо Кумтөр кени тууралуу меморандумга каршы акция өтүп, ал башаламандык менен коштолду. Ага байланыштуу 23 адам кармалып, ушу тапта 10у тергөө абагында. (AKu)

XS
SM
MD
LG