Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:31

Косоводо терроризм үчүн 10 киши соттолду


Косоводо теги албан 10 киши сербиялык полициянын текшерүү пунктуна чабуул жасагандыгы үчүн 26 айдан 9 жылга чейин кесилди. Окуя 2012-жылдын июнь айында болгон.

Европа биримдигинин мыйзам үстөмдүгүн орнотуу боюнча миссиясы жасаган билдирүүдө, сот жообуна тартылгандар терроризм жана террордук уюмга мүчөлүк кылуу беренелери боюнча айыптуу деп табылганы айтылат. Кол салуудан бир офицер жеңил жаракат алган. Соттор коллегиясы билдиргендей, топ эл аралык коомчулук кийлигишсин деген максат менен Пресево өрөөнүндө жаңжал чыгарууну көздөгөн. Косово менен чек аралаш Пресеводо этникалык албандар үстөмдүк кылат. Алардын саясий лидерлери Косового кошулууну каалашат.

XS
SM
MD
LG