Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:22

Кыргызстанда “Оливье” аттуу киноальманах тартылат


Кыргызстанда “Оливье” аттуу комедиялуу мелодрама, киноальманах (бир нече окуяны камтыган тасма) тартылганы жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган тасманын продюсери, жаш сценарист Чолпон Жанадыл билдирди.

Жанадылдын айтымында, тасма 7 окуядан турат жана мындай альманах Кыргызстанда биринчи жолу тартылмакчы.

“7 окуя болгондон кийин актерлор да көп, элге белгилүү, белгисиз да актерлор болот. 31-декабрга чейин үлгүрсөк деп атабыз. Тасманын бюджети 50 миң доллардын тегереги. Ал эми режиссер мурда кыскаметраждуу, даректүү тасмаларды тартып жүргөн Азамат Мамыткан”, - дейт Чолпон Жанадыл.

Учурда кинотоп тасманы баштоо үчүн ыңгайлуу аба ырайын күтүүдө. (МТо)

XS
SM
MD
LG