Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:57

Малдив: полиция президенттик шайлоого бут тосту


Индия мухитиндеги Малдив аралында полиция бүгүнкүгө пландалган добуш берүү Жогорку Соттун чечимине кайчы келээрин айтып, шайлоо бюлеттендерин таркаттырбай койду.

"Биз бүгүн шайлоо өткөрө албайбыз, анткени полиция биздин ишибизди токтотуп койду. Бул имараттын биринчи кабатында бир топ тартип коргоочу турат. Алар биздин кызматкерлерге шайлоо бюлеттендерин, үкөктөрдү, кагаз-калемди алып чыгууга жол бербей жатат", - деди шайлоо комиссиясынын жетекчиси Фуад Тоуфик Мале шаарынан.

Шайлоодо былтыр февралда кулатылган экс-президент Мухаммад Нашед башкы талапкер катары айтылууда. Атаандаштары тизмелер туура эмес түзүлгөн деп ырастап, катталуудан баш тартышкан.

Өткөн аптада Жогорку Сот 7-сентябрдагы биринчи айлампанын жыйынтыгын жокко чыгарган.

Байкоочулар үч жумада жаңы президент шайланбаса, конституциялык кризис башталарын эскертип жатышат.

XS
SM
MD
LG