Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:16

Ооган аксакалдары АКШ менен коопсуздук келишимин талкуулайт


Ооганстанда аксакалдар жыйыны АКШ менен коопсуздук келишим түзүүнү келерки айда талкуулайт.

Бийликтер билдиргендей, Кабул менен Вашингтондун ортосундагы башкы коопсуздук келишимин улуттук жыйын карайт.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, ноябрга белгиленип жаткан Лоя жырга деп аталган жыйынга үч миңдей уруу башчылары жана башка таасирлүү адамдар катышат.

Кабулда ай башында өткөн сүйлөшүүдө Ооганстандын президенти Хамид Карзай менен АКШнын мамкатчысы Жонн Керри орток келишим жетишилгенин, бирок ортодо айырмачылыктар кала берип жаткандыгын маалымдашкан.

Керринин айтымында, эки тарап Ооганстанда, Вашингтон каалагандай, америкалык аскерлердин бир бөлүгү кала берээри чечиле элек. Буга Кабулдун өкмөтү каршы чыгып келет.

Карзай бул маселени Лоя жырга жана парламент карасын деген эле.

XS
SM
MD
LG