Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:26

Премьер биометриялык паспорт даярдоону тездетүү милдетин койду


Мындай тапшырманы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев биометриялык паспорт даярдоого арналган 19-октябрдагы өкмөт жыйынында берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, быйыл жазында биометриялык паспорт даярдоо боюнча өкмөттө атайын жумушчу топ түзүлгөн. Аталган топ биометриялык паспортту даярдоонун техника-экономикалык негиздемесин иштеп чыгып, өкмөткө сунуштаган. Учурда бул долбоорду ишке ашыруу үчүн 1 миллард 200 миллион сомго жакын каражат керектелүүдө. Бул каражат бөлүнгөн соң биометриялык паспорт даярдоо үчүн атайын тендер өткөрүлүп, кийинки жылдан тарта мындай документ жарандарга бериле башташы керек. Премьер-министр аталган негиздемеде айрым жагдайлар эске алынбай калганын билдирип, кыска убакыттын ичинде кайрадан иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

Электрондук-биометриялык паспорт - адамдын өздүгүн тастыктоочу документ. Ага чип орнотулат, анын ичине биографиялык маалымат менен кошо үч өлчөмдүү санарип сүрөтү киргизилет. Аны банк карточкасы жана башка максаттарда да колдонсо болот. (BkA)

XS
SM
MD
LG