Бул тууралуу өкмөт алдындагы Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, "Хан-Теңир" деп аталган жаңы парк өлкө аймагындагы жок болуп бараткан ак илбирс, аркар, Тянь-Шань күрөң аюусун коргоо максатында түзүлгөнү жатат. Парк Борбордук Тянь-Шандагы 187 миң гектар аймакты өзүнө камтыйт. Долбоор быйыл 24-октябрдан тарта өз ишин баштап, 2017-жылга чейин уланат. Аны бир нече эл аралык уюмдун каржылоосу менен Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги жана БУУнун Өнүктүрүү долбоору ишке ашырат. Паркта атайын атчандардын кошууну түзүлүп, жок болуп бараткан жаныбарларга аңга чыккандарга каршы көзөмөл жүргүзөт.(BkA/EBM)