Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Кыргыз тайбоксчусу жоокердик өнөр оюндарында жарым финалда


Кыргызстандык тайбоксчу Данияр Кашкаралиев ушул күндөрү Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жоокердик өнөр боюнча Бүткүл дүйнөлүк оюндардын жарым финалына чыкты. Ал 57 килограмм салмакта Ооганстандык Наджав Таморини утуп алды. Эми жарым финалда Кашкаралиев Александр Абрамов менен күч сынашат.

Жоокердик өнөр боюнча бүткүл дүйнөлүк оюндар 18-октябрда башталган. Анда 15тен ашуун спорт түрү боюнча күч сынашуулар болууда. Кыргызстандан самбо, бел кур күрөшү, бокс жана тайбокс боюнча 10 спортчу катышууда. Мелдеш 26-октябрда жыйынтыкталат.(BkA/KMa)

XS
SM
MD
LG