17 айдан бери сириялык козголоңчулар кармап турган ливандык тогуз шийи Бейрутка учуп кетишти. Бул тогуз жаран Ливанда август айында барымтага түшкөн эки түрк пилоттун ордуна бошотулду. Пилоттор ишембиде үйүнө кайтышкан. Ливанда мамлекеттик маалымат каражаттары тогуз ливандык 2012-жылдын майында Сирия аркылуу Иранга зыяратка баратканда уурдалгандыгын жазышты. Сирияда козголоңчулар аларды президент Башар ал-Асадды колдогон "Хезболланын" шийи куралчандары деп айыпташкан. Шийилер бийликте турган Иран менен катар "Хезболла" уюшмасы Асаддын козголоңчуларга каршы күрөшүн колдоп келишет.