Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:32

Израил Иранга карата санкцияларды күчөтүүнү суранды


Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаньяху эл аралык коомчулукту Иран өзөктүк программасын жабышы үчүн ага басым жасоону күчөтүүгө чакырды. Жекшембиде өкмөт отурумунда сүйлөп жатып, Нетаньяху Иран бийликтеринин убадалары иш жүзүнө ашканча эл аралык басым уланта берүү туура болоорун баса белгиледи.

Израил өкмөт башчысынын бул билдирүүсү АКШ бийликтеринин Ирандын президенти Хасан Роуханинин акыркы сунуштарынан соң санкцияларды жумшартуу боюнча талкуусуна туура келди. Кошмо Штаттардын финансы министри Жек Лью жекшембиде теле аркылуу сүйлөп жатып, Вашингтон Иран бийликтеринин кадамдарына жараша жооп берип тураарын билдирди.

Эл аралык коомчулук Ирандын өзөктүк программасынын аскерий өңүтү бар деп шек санаса, Тегеран программа энергия алуу максатын гана көздөрүн айтып келет. Көптөн бери талаш жараткан бул маселе боюнча өткөн аптада Женевада уюштурулган конференция жыйынтыгын Евробиримдик жана АКШ оң баалады.

XS
SM
MD
LG