Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:24

Румындар Молдовага биригүү чакырыгын таштады


Жекшембиде Румыниянын борбору Бухарестте миңдеген адамдар демонстрация өткөрүп, Молдова менен биригүү ураанын таштады. Орусияга каршы ураан кыйкырышкан демонстранттар Молдова менен Румыниянын биригиши улуттук кызыкчылыкка дал келет деп эсептешет. Алар бул демилге үчүн 100 миңден ашык кол да топтогон билдиришти. Молдованын азыркы аймагынын көбү Экинчи дүйнөлүк согуштун аягына чейин Румынияга карачу. Ал жерлерди СССР согуштан кийин өзүнө кошуп алган.

Молдова жана Орусиядагы саясатчылар Бухаресттин бул аракетин сындап келишет. Бирок Румыниянын жетекчилиги мындай аракет аркасында Молдованы Евробиримдикке кошуу максаты гана жатканын айтышат. Румыния 2007-жылдан тарта Евробиримдиктин мүчөсү. Молдова бул уюмга кошулууга жол ачыш үчүн жакын арада ассоциациялык келишимге кол коюуга ниеттенүүдө.

XS
SM
MD
LG