Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:35

Казакстандагы кыргыз маданият күндөрү аяктоодо


Бүгүн Казакстанда өтүп жаткан Кыргызстандын маданият күндөрү жыйынтыкталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты. Туура бир ай мурун башталган маданият күндөрүн жыйынтыктоо аземи Алматы шаарындагы Абай атындагы опера жана балет театрында өтөт. Бул бир айлык алкагында коңшу өлкөгө кыргыз театрларынын, кыргыз улуттук филармониясынын чыгармачыл сапарлары уюштурулду. Ошондой эле кыргыз киносунун жумалыгы өтүп, мыкты делген кыргыз тасмалары казак көрөрмандарына көрсөтүлдү. (BkA)

XS
SM
MD
LG