Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

Черногорияда кумcалардын алгачкы жүрүшү өттү


Черногориянын борбору Подгорицада кумсалардын алгачкы жүрүшү тынч аяктады. Коопсуздук чаралары күчөтүлгөн шаар көчөлөрү менен жүздөгөн кумсалар өз укуктары жазылган плакат, күн желеси түстөнгөн желектерди көтөрүп өтүштү. Жүрүштүн негизги уюштуруучусу Даниэл Калезович катышуучуларга өз укуктары үчүн күрөшүүгө чакырык таштады. Анткен менен шаардын башка жагында кумсалар жүрүшүнө каршы чыккандар полиция менен кагылышканы кабарланды. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазышынча, 300-400 адам полицияга таш ыргытышкан. Буга чейин кумсалар дарегине көптөгөн коркутуулар айтылганы үчүн жүрүш учурунда 2000ге жакын полициячы коопсуздукту сактады.

XS
SM
MD
LG