Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:01

Бошотулган судьялар боюнча кайрылууга жооп боло элек


“Ата-Журт” партиясынын депутаттарын актаган соттордун жумуштан бошотулушу боюнча Соттордун укугун коргоо комитетинин кайрылуусуна жооп боло элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” бүгүн комитеттин төрайымы Бүбүайша Арстанбекова билдирди. Алар “Ата-Журт" фракциясынын үч депутатын актаган Бишкек шаардык сотунун эки судьясы - Курманкул Зулушев менен Медербек Сатиевдин судьялык кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу адам укугун одоно бузду деп, бир жума мурда Жогорку Кеңешке жана БУУ, ЕККУ сыяктуу эл аралык уюмдарга кайрылуу жиберген. Анда соттордун бошотулушу саясий чечим деп сыпатталган.

Курманкул Зулушев менен Медербек Сатиев судьялык кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу тууралуу жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев 12-октябрда кол койгон. Ага чейин Соттор кеңеши аларды мөөнөтүнөн мурда кызматынан алынышы керек деген чечим чыгарган.

Биринчи Май райондук соту Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду былтыр октябрда мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен соттогон. Кийин шаардык соттун судьялары Курманкул Зулушев менен Медербек Сатиев ал өкүмдү жокко чыгарып, депутаттарды актаган. (SE)

XS
SM
MD
LG