Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:32

Ысык-Көл менен Кара-Суу мамилени жанданта баштады


Ысык-Көл районунун жетекчилери өткөн жума соңунда Оштун Кара-Суу районуна барып, ал жакта аткарылып жаткан жумуштар менен таанышты. Бул тууралуу Кара-Суу райондук администрациясынын жетектөөчү адиси Турусбек Матиев билдирди.
Анын айтымында, иш-сапар өкмөттүн тапшырмасы менен, аймактар аралык мамилени жандантуу максатында уюштурулууда.

Ысык-Көл районунун акими, Чолпон-Ата шаарынын мэри жана аймактагы жети айыл өкмөт башчылары 3 күндүк иш-сапар учурунда Шарк, Жаңы-Арык, Савай, Нариман айылдарындагы жана Кара-Суу шаарындагы мектептерге барып, билим берүү жаатындагы иштерди көрдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Ысык-Көл жана Кара-Суу райондорунун ортосундагы байланыштарды кеңейтүү боюнча келишимдер түзүлдү. Мындан ары биргеликте спорттук-маданий иш-чаралар уюштурулмай болду.

Ушундай эле иш-сапар менен Кара-Суу районунун жетекчилери августтун аягында Ысык-Көл районуна барган. (SE)
XS
SM
MD
LG