Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын байкоочу кеңеши мекеменин акыйкатчысынын ордуна сынак жарыялады. Кеңештин мүчөсү Тынчтыкбек Чоротегин “Азаттыкка” билдиргендей, мурдагы акыйкатчы Атыр Абдырахматованын мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу жаңыдан тандоо болот. Ал өзү да кайрадан бул сынакка катышууга укуктуу.
Байкоочу кеңеш маалымат алуунун жана таркатуунун эркиндигине көмөк көрсөтүү жана жалпыга маалымдоо каражаттарына таандык мыйзамдарды өнүктүрүү максатында акыйкатчынын ролу зарыл экенин белгилеп келет. Бул орунга талапкер журналистика чөйрөсүн жакшы билген жогорку билимдүү Кыргызстандын жараны болушу абзел. Талапкерлерди каттоо октябрдын соңуна чейин болот.
Коомдук каналдын акыйкатчысы бул мекемеден айлык албайт. Эл аралык уюмдардын каржылык көмөгү менен иштейт. (SE)