Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:28

Cарууда кайрадан митинг


Ысык-Көлдүн Саруу айылынын тургундары бүгүн кайрадан митингге чыгып, ай башындагы окуя боюнча камалгандарды ургандар жоопко тартылышын талап кылышты. Алар 7-октябрдагы наарызылык акцияларына күнөөлөнгөндөр камакта аёосуз ур-соккуга кабылганын айтууда.

Дархан жана Саруу айылынын ортосунда уюштурулган акцияга 500дөн ашуун киши катышканын айыл тургуну Сарыбай Курманов “Азаттыкка” билдирди. Бул маалыматты айыл өкмөттүн өкүлдөрү да тастыктады. Маалыматка ылайык, митингге чыккандар менен Жети-Өгүз районунун акими жана райондук милициянын башчысы келип жолугуп, окуя мыйзамдын негизинде териштирилерин айткан. Бул боюнча азырынча район акимине байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Учурда нааразылыкка чыккандар айылдын клубуна чогулушуп, кыйноого кабылган айылдаштарынын сүрөттөрүн жана тасмаларын көрүп жатат.

7-октябрда Каракол шаарында кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясынын Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандумуна каршы уюштурулган митинг башаламандык менен аяктаган. Эртеси митинг Саруу айылында уланган. Ал боюнча 23 адам кармалып, ону УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган. (SE)

XS
SM
MD
LG