Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:51

Азербайжан Бажы биримдигине киргиси келбейт


Азербайжан Бажы биримдигине кошулуу ниети жоктугун билдирди. Өлкөнүн тышкы иштер министри Араз Азимов Бакуда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, “мындай бир тараптуу уюмдун” Азербайжанга пайда алып келбесин белгиледи. Өткөн айда кошуна Армения Орусия, Беларус жана Казакстанды камтыган биримдикке кирүү пландарын шардана кылган. Европа биримдигинин кеңейүү боюнча комиссары Штефан Фуле андай болсо, Ереван нобярда Вилнюста өтчү саммитте шаркет менен Ассоциативдик келишимге кол коё албайт деген. Ал эми Бажы биримдигинин демилгечиси Москва альянс кеңейип отуруп, 2015-жылга чейин Еврошаркет өңдүү Евразия экономикалык биримдигине айланаарын айтып келатат. Кыргызстандын бийлиги да өлкө жакынкы жылдары биримдикке кирерин жарыялаган.

XS
SM
MD
LG