Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:15

Сарууда митингге чыккандар акимге талап коюшту


Сарууда митингге чыккандар Жети-Өгүз районунун акимине суроо-сунуштарын коомдук телеканал аркылуу түз ободо чагылдыруу талабын айтышты. Ошондой эле ай башындагы окуяларга күнөөлөнүп камалгандарды тез арада бошотуу талабын коюп жатышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аким Дамир Моңолдоров өзү билдирди. Аким алардан кагаз жүзүндө кайрылуу берилгенден соң талаптарын бийликке жеткирүүнү убада кылды.

Моңолдоровдун айтымында, саруулуктар шаршемби – 23-октябрь күнү райондук акимчиликтин алдында жогорудагы талаптар менен тынчтык митингин өткөрүүнү да пландап атышат.

Бүгүн Саруу айылынын тургундары кайрадан митингге чыгып, ай башындагы окуя боюнча камалгандарды ургандардын жоопко тартылышын талап кылышкан. Алар 7-октябрдагы наарызылык акцияларына күнөөлөнүп, камалгандар аёосуз ур-соккуга кабылганын айтууда. Бирок УКМК өткөн жумада митингде кармалгандар ур-соккуга кабылбаганын билдирген.

Айыл тургундары бүгүнкү акцияга 500дөн ашуун киши катышканын билдирген. Район акими топтолгондордун саны 300дүн тегерегинде болгонун маалымдады.

7-октябрда Каракол шаарында кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясынын Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандумуна каршы уюштурулган митинг башаламандык менен аяктаган. Ал боюнча 23 адам кармалып, ону УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган. (SE)

XS
SM
MD
LG