Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:08

Франция АКШ элчисинен түшүндүрмө талап кылды


Франциянын тышкы иштер министрлиги АКШ элчисин түшүндүрмө берүү үчүн чакырды. Анын алдында Le Monde гезити АКШнын Улуттук коопсуздук агенттиги (NSA) Францияда 70 миллиондон көп телефон сүйлөшүүлөрүн жаздырып алганын кабарлаган. Гезит Эдвард Сноуден өткөрүп берген маалыматка таянып жазганына караганда, 2012-жылдын декабрынан 2013-жылдын январына чейин агенттик террордук уюмдарга тиешеси бар деп шектелген адамдардан тышкары ири ишкерлер жана саясатчылардын телефон сүйлөшүүлөрүн көзөмөлдөп турган.

"Адамдардын жеке турмушуна кийлигишкен мындай иштер өнөктөштөр ортосунда болбошу керек", - деди Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус.
Буга чейин германиялык Der Spiegel басылмасы америкалык агенттер Мексиканын мурдагы президенти Фелипе Калдерондун эсебине бузуп киришкенин жазган. Мексика бул маалыматты түшүндүрүүнү талап кылды.

XS
SM
MD
LG