21-октябрда Кыргызстандын Киевдеги элчиси Украинанын улуттук адабият музейинин директору Галина Сорока менен кездешип, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналган долбоорду даярдоо жөнүндө сүйлөштү. Кыргызстандын Украинадагы элчилигинен кабарлашкандай, Сорокина мааракеге байланыштуу музейде жазуучунун эмгектери, кыргыз улуттук кийимдери, Айтматовдун чыгармаларынын мотиви боюнча Киевдеги Балдар искусствосу академиясынын окуучулары тарткан сүрөттөр коюларын айткан. Ошондой эле Киевдеги академиялык куурчак театрында ойнолгон “Бугу-эне” (реж. С. Ефремов) жана Харьков театрында ойнолгон “Баталга”(реж. И. Порис) спектаклдеринин декарациялары да өзүнчө экспозиция болот. Көргөзмө учурунда кыргыз ыр-күүлөрү ойнолуп турат.(AU)