Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:44

Евробиримдик Украинага өз шарттарын эскертти


Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Кэтрин Эштон Украина бул уюм менен келишимге кол коюудан мурда шайлоо мыйзамдары боюнча жана экс-премьер Юлия Тимошенконун ишине байланыштуу бир катар чечимдерди алышы керектигин эскертти. Бул тууралуу ал дүйшөмбүдө Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин Люксембургдагы жолугушуусунда билдирди. Аталган жолугушууда 22-23-ноябрда Вильнюста өтчү жогорку жыйынга даярдыктар талкууланды. Дал ушул жыйында Украина Евробиримдик менен эки тараптуу кызматташтык боюнча келишим түзүүгө ниеттенүүдө. Бул келишимди түзүүгө чейин Евробиримдик саясий негизде түрмөдө отурат деп эсептеген мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенкого ырайым кылып, түрмөдөн бошотууга үндөп келатат. Буга чейин аталган уюмдун эки өкүлү Украинага келип, Тимошенконун түрмөдөгү абалы менен таанышкан, президент Виктор Януковичке жолуккан. Мунун жыйынтыгында ден соолугу начарлады делген мурдагы премьерге чет өлкөдө дарыланууга укук берген мыйзам долбоор иштелип, өткөн аптада Украин парламентине сунушталган. Президент Янукович бул мыйзамды парламент кабыл алса, дароо кол коёрун билдирген болчу.

Юлия Тимошенко 2009-жылы Орусия менен газ келишимин түзүүдө мамлекетке зыян келтирген деген айып менен 2011-жылы жети жылга түрмөгө кесилген.

XS
SM
MD
LG