Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:35

Кара-Сууда 150 гектар чөп күйүп кетти


Катта-Талдык айылынын аймагындагы тоо боорунда 21-октябрь күнү түштө башталган өрт кечки саат 20:30да өчүрүлгөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, тилсиз жоону өчүрүүгө Куткаруу кызматынын 6, Өрт өчүрүү кызматынын 5 кызматкери жана жергиликтүү 14 тургун катышкан. Чыгым жана өрт себептери такталууда.

Быйыл Кыргызстанда өрт кырсыгы көбөйүп, 9 ай ичинде 227 миллион сомдой чыгым алып келди. Тилсиз жоодон 44 адам каза тапкан, анын бешөө балдар. Быйыл январь-сентябрь айларынын аралыгында өлкө аймагында 2824 өрт катталган. (SE)

XS
SM
MD
LG