Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:50

Ошто жүргүнчүлөргө жакпаган он айдоочу иштен бошоду


Ош шаарында коомдук унаада эл ташыган 10 айдоочу жумуштан бошотулду. Бул чечимди жүргүнчүлөрдөн түшкөн арыз-даттанууларынын негизинде шаардык транспорт агенттиги чыгарганын мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Агенттиктиктин дагы бир буйругу менен Ошто ушул айдан тарта коомдук унаалар кечки саат тогузга чейин иштемей болду. Буга чейин маршруттук таксилер жана автобустар күн баткан учурда токтоп калчу.

Аталган агенттик октябрдан тарта жол акыны да көтөргөн. Жаңы тарифке ылайык, маршурттук таксилерге 10 сомдон, автобус менен троллейбуска 8 сомдон жол акы белгиленген. Буга чейин 6-8 сомдон төлөнчү. (SE)

XS
SM
MD
LG