Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:28

Кыргызстанда радиожурналисттер көбүрөөк айлык алат


Учурда радио журналисттер тележурналисттерге караганда көбүрөөк айлык алат. Мындай маалымат “Журналисттер” коомдук бирикмеси жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгында белгилүү болду.

Экинчи катарда интернет журналисттери, андан кийин тележурналисттер, аягында гезитте иштегендер турат. Орточо эсеп менен, биринчи катардагылардын айлыгы 7750 сом, экинчи топтогулардыкы 7230 сом, үчүнчүдөгүлөрдүкү 6340 сом жана гезит журналисттериники 5850 сом. Эң жогорку маяна Бишкек шаарында.

Бирикменин жетекчиси Марат Токоевдин айтымында, бул маяна орточо айлык акыдан азыраак. Ал эми радио жана интернет журналисттердин көбүрөк айлык алышы алардын жумушунун оперативдүүлүгү, ага жараша жыйынтыктын көп болушуна байланыштуу.

Изилдөө Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарынын дагы ар кандай тараптары тууралуу маалыматты камтыйт. Мисалы, өзүн-өзү каржылаган ЖМКлар изилдөөгө катышкандардын үчтөн биринен азыраагын гана түзөт. Сурамжылоодо көпчүлүгү өзүн жарым-жартылай каржылаган компания деп айтышкан. Болжол менен үчтөн бир бөлүгү мамлекетке же башка тарапка толугу менен көз каранды.

Изилдөө 206 компаниянын арасында жүргүзүлүп,International Media Support уюмунун колдоосу менен ишке ашты. (AKu)

XS
SM
MD
LG