Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:52

Отунбаева өкмөт өкүлүн сотко берет


Экс-президент Роза Отунбаева өкмөттүн маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысын сотко берет. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Роза Отунбаеванын демилгелери” фондунан кабарлашты. Билдирүүгө ылайык, Караколдо ай башында болгон нааразылык акцияларынын артында Отунбаева турган болушу мүмкүн деген кабар өкмөт тараткан маалыматтан соң чыккан.

Роза Отунбаева тактала элек маалыматты таратканы үчүн басма сөз кызматынын жетекчиси жоопко тартылышы керектигин интернет басылмалардын бирине курган маегинде да айткан. Бул боюнча өкмөттүн басма сөз кызматынан азырынча комментарий алууга мүмкүн боло элек.

Октябрдын башында Кумтөргө байланыштуу Караколдо болгон нааразылык акциясынын артында саясий күчтөр турганы кабарланган. Көп өтпөй Отунбаеванын буга тиешеси бар экени айтыла баштаган болчу. Бирок Роза Отунбаева ошол замат мындай сөздөрдү четке кагып, башаламандыкка тиешеси жок экенин билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG