Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Президент "Лицензия берүү жөнүндө" мыйзамга кол койду


Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" мыйзамга кол койду. Аны Жогорку Кеңеш 2013-жылдын 3-октябрында кабыл алган.

Мыйзамдын максаты – лицензиялык-уруксат берүү тутумун оптималдаштыруу болуп саналат жана лицензиялоонун негизги багыттары менен принциптерин аныктайт. Андан сырткары жумушту көзөмөлдөөнүн жол-жоболорун, лицензияларды токтотуу, жокко чыгаруу жагын камтыйт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргызстанда лицензия берүүнүн үч ыкмасы колдонулуп келет. Алар - сынак, аукцион жана түз сүйлөшүү. (SE)

XS
SM
MD
LG