Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:54

AI: АКШнын пилотсуз учактарынын чабуулун “согуш кылмышы” деп таанууга болот


“Эл аралык мунапыс” кору жаңы баяндамасында америкалык аскерлер Пакистандын түндүк-батышында пилотсуз учактар менен мыйзамга каршы келген чабуулдарды жасап, адамдарды өлтүргөнүн билдирди. Amnesty International уюмунун баяндамасынын авторлору “АКШнын пилотсуз учактар программасынын айланасындагы маалыматтын катуу жашырылганы аларга адамдарды соттун чечими жок эле туш келди өлтүрүп, эл аралык мыйзамдардын чегинен да ашкан укукту берет” дешет.

Активисттер ушул өңдүү чабуулдардан 2004-жылдан бери Пакистанда 2 миңдей адам өлтүрүлгөнүн, алардын ичинде талиптер менен “ал-Каиданын” лидерлери да бар экенин кошумчалашты. Бирок өлгөндөрдүн көпчүлүгү эч кайсы куралдуу топторго тиешеси жок жайкын тургундар болуп жатканын “Азаттыкка” уюмдун өкүлү Олоф Бломквист айтты. "Чынында, дрон чабуулдардан канча жөнөкөй тургун өлгөнүн эсептеп чыгыш оңой иш эмес, - деди изилдөөчү. - Бирок биздин баяндамабызда көрсөтүлгөн мисалдардын өзү эле АКШнын бул программасы эл аралык мыйзамдарды олуттуу бузуп жатканы тууралуу коңгуроо какканга жетиштүү негиз боло алат".

АКШ болсо өзүнүн пилотсуз учактар программасын козголоңчу жана терористтик топторго каршы күрөштө өтө пайдалуу курал катары коргоп келатат.

XS
SM
MD
LG