Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:34

Бокс: дүйнө чемпионатында Сакенов чейрек финалга чыкты


Алматыда өтүп жаткан бокс боюнча дүйнө чемпионатында кыргыз мушкери Эрмек Сакенов чейрек финалга чыкты.

64 килограмм салмакка чейинки боксчулардын таймашында Эрмек Сакенов тажик боксчусу Шавкат Рахимовду үчүнчү айлампада 3:0 эсебинде жеңди. Калыстар тобунун үч мүчөсү тең Эрлан Сакеновду жеңүүчү деп таанышты.

Эми 23-октябрда өтчү чейрек финалда Эрмек Сакенов казакстандык Мерей Акшалов менен беттешет. (AiK)

XS
SM
MD
LG