Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:20

Волгограддагы жардыруу иликтенүүдө


Жарылган автобус, 21-октябрь, 2013.
Жарылган автобус, 21-октябрь, 2013.
Волгоградда алты киши өлүп, 33 адам жаракат алган кечээги жардыруудан кийин үч күндүк аза күтүү жарыяланган. Орусиянын Тергөө комитетинин өкүлү Владимир Маркин терактты Дагестандын тургуну Наида Асиялова деген жанкечти жасаганын айтты. Ал аялдамалардын биринен жүргүнчүлөрдү алып бараткан автобуска отургандан кийин эле өзүн жардырып жибергени маалымдалды.

Орусиянын Биринчи каналы кабарлаганына караганда, жардыруу болгон учурда көпчүлүк студенттер үйлөрүнө кайтып жатышкан. Жаракат алып, азыр Волгограддагы ооруканада жаткандардын бири Дмитрий Юдин окуяны сүрөттөп: "Мен бир аялды байкап калдым. Биз Химгороддо автобуска отурдук. Кийинки аялдамада ал: “Мага жакындабагыла, мен тезирээк чыгып кетишим керек”, - деп жатты. Анан эле кудум менин башыма бирөө катуу ургандай болду. Көзүмдү ачсам, айлана аппак, эч нерсе көрүнбөйт", - деди.

Волгоградда буга чейин да теракттар болгону белгилүү.

XS
SM
MD
LG